Жаңы милдеттер жана чечимдер: Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 56-жыйынынын жыйынтыктары

20.11.20260

2026-жылдын 20-ноябрында Армения Республикасынын Гюмри шаарында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын (БКБК) 56-жыйыны болуп өттү.

 

Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы У.А. Кимсанов баштаган делегация катышты.

 

Катышуучулар БКБКнын 2026-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2027-жылга карата иш планын бекитишти. Ошондой эле бажылык тескөөнү жана контролду өркүндөтүү, бажы транзитин өнүктүрүү, товарларды ЕАЭБдин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жана тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин колдонуу маселелерин талкуулашты.

 

Жыйындын жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы У. Кимсанов бир жылдык мөөнөткө БКБКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

 

Мындан тышкары, кыргыз тараптын демилгеси менен бажылык контролду жүргүзүүдө шайкештикти баалоо документтеринин QR-коддору аркылуу жеткиликтүү болгон сыноо протоколдорундагы маалыматтарды пайдалануу маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынды.

 

БКБКнын кезектеги 57-жыйынын 2027-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.