Улан Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
10.10.20260
Кимсанов Улан Ашимович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду..
2026-жылдын 10-октябрында Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисин мекеменин өздүк курамына тааныштырды. Иш-чаранын жүрүшүндө бажы кызматынын акыркы жылдардагы жетишкендиктери белгиленип, алдыга коюлган негизги милдеттерди мындан ары да натыйжалуу аткаруунун зарылдыгы баса белгиленди.
Өмүр баяны
Улан Ашимович Кимсанов 1971-жылдын 23-январында Фрунзе шаарында туулган. 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы А. С. Макаренко атындагы орто мектепти аяктаган.1988–1991-жылдары Ташкент жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайында билим алган.
Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз тоо-металлургия институтун, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын «Мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
Бажы органдарындагы эмгек жолун 1997-жылы баштаган. Кызмат өтөгөн жылдары ар кандай кызматтарды, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалап, «Манас», «Түштүк-Батыш» жана «Түндүк-Чыгыш» бажыларын жетектеген.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганга чейин, 2021-жылдан тартып МБКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Бажы кызматынын генерал-майору.
.jpeg)

