«Түндүк» темир жол бажысында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен актуалдуу маселелер талкууланды
03.07.20260
«Түндүк» темир жол бажысында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана бажы операциялары боюнча адистердин катышуусу менен Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө товарларды бажылык тариздөө, ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу, электрондук документ жүгүртүү жана бажылык контролду жүргүзүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар Электрондук декларациялоо борборун ишке киргизүүгө даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Аталган борбордун түзүлүшү бажылык операцияларды тездетүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү бажы органдары менен бизнес-коомчулуктун ортосунда ачык диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле бажылык башкарууну өркүндөтүүгө жана тышкы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.