«Түндүк» темир жол бажысы Кытайдан тыюу салынган балык уулоочу торлорду ташып келүүгө бөгөт койду

17.06.20250

 «Түндүк» темир жол бажысынын контрабанда, баңги зат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Темир жол бекети» бажылык тариздөө жайында бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда тыюу салынган продукцияларды – синтетикалык балык уулоочу торлорду мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды.

Кытайдан келген жүк, «Т.» ЖЧК жүк ташуучунун атына катталган. Текшерип кароонун учурунда Кыргызстандын жарандары — Л.А., Б.Р., М.Э жана Х.А. тарабынан товарларга онлайн-маркетплейс аркылуу буйрутма берилгени аныкталган. Жалпы салмагы 3,6 кг түзгөн.

Учурда күнөөлүү адамдарды КРнын Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо максатында тыюу салынган балык уулоочу шаймандарды, анын ичинде синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу түзүлүштөрдү ташып келүүгө көзөмөлдү күчөтүүдө. Бузууларды ыкчам аныктоо үчүн тобокелдик профили киргизилди. Чаралар КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгынын жана Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №624 токтомунун алкагында, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиевдин тартип бузуучуларга каршы күрөштү күчөтүү жана бажы операцияларынын бардык этаптарында катуу контролду камсыз кылуу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда.