«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан HOWO үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды

25.08.20260

 

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан «О. А.Ю.Х.С.» ЖЧКсынын дарегине алып келинген HOWO 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды.

Бажылык контролдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө «Кант» БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгүнүн белгилери аныкталган.

Маркировкалык белгилердин өзгөртүлүшүнүн жагдайларын жана ыкмасын аныктоо максатында автоунаалар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.

Экспертизанын корутундуларына ылайык, бардык 12 автоунаанын шассилеринин идентификациялык номерлери жасалма жол менен өзгөртүлгөн. Тактап айтканда, алгачкы маркировка түшүрүлгөн жерлердеги металлдын үстүңкү катмары алынып, андан кийин экинчи маркировкалык белгилер түшүрүлгөн.

Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары кароо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген 9 558 740 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлүп алынган.

Аталган транспорт каражаттары «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна жайгаштырылган.