«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери автоунаанын VIN-кодунун өзгөртүлгөндүгүн аныктады
19.08.20260
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номеринин өзгөртүлгөндүгүн аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаанын билдирилген чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда айырмачылык аныкталган. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, VIN-коддун 10-позициясы 2019-жылды көрсөтсө, автоунаанын иш жүзүндөгү чыгарылган жылы 2014-жыл экендиги аныкталган.
Мындан тышкары, автоунаанын шассисинен идентификациялык номердин өзгөртүлгөндүгүнүн белгилери аныкталып, заводдук номер жок кылынгандан кийин башка идентификациялык номер түшүрүлгөн.
Аталган факты боюнча 1 702 938 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү эсептелген. Маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, материалдар мындан аркы процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Мамлекетке келтирилген 1 702 938 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлдү.

