ТЭИ катышуучулары үчүн маалымат: «Элдик Банк» аркылуу төлөм жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди

13.05.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы азыркы учурда «Элдик Банк» ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу төлөөчүлөрдүн жеке эсептерине акча каражаттарынын автоматтык түрдө түшүүсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр катталып жатканын маалымдайт.


Товарларды бажылык жол-жоболоштурууда мүмкүн болгон кечигүүлөрдү азайтуу максатында бажы органдары төлөмдөрдүн бир бөлүгүн кол менен иштеп чыгууга өтүштү.


Ушуга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүк катышуучуларына «Элдик Банк» ААК тарабынан үзгүлтүктөр толук жоюлганга чейин бажы төлөмдөрүн убактылуу «МБанк» ААК жана «Банк Азия» ЖАК аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт.


Бажы кызматы «Элдик Банк» ААК менен биргеликте маалымат алмашууну калыбына келтирүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. «Элдик Банк» ААК аркылуу төлөмдөрдү кадимки режимде кабыл алуу калыбына келтирилигени тууралуу кошумча маалымат берилет.


Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана каржылык операцияларды алдын ала пландаштырууну өтүнөбүз.