Талапкерлердин 82,2% МБКнын кадрлар резервине конкурстук тандоонун үчүнчү этабына өтпөй калышты

10.07.20251

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине талапкерлерди конкурстук тандоонун экинчи этабы аяктады.

Экинчи этапка - компьютердик тестирлөөгө катышууга дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырууну камтыган биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн 213 талапкерге уруксат берилди.

Тестирлөө 8-9-июлда өткөрүлдү. 60 мүнөттүн ичинде талапкерлер 100 суроого жооп берип, кеминде 75% туура жооп алышы керек болчу. Анын жыйынтыгы боюнча кийинки этапка-эссе жазуу жана жеке маектешүүдөн 68 талапкер өттү.

Белгилей кетсек, тестирлөөгө өз алдынча даярдануу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында биринчи жолу суроолордун тизмеси (логикалык ой жүгүртүү тапшырмаларынан тышкары) кыргыз жана орус тилдеринде алдын ала жарыяланган.

Эске салып кетсек, конкурстук тандоо үч этапты камтыйт – дене тарбиясы, тестирлөө, эссе жана маектешүү. 

Биринчи этапка 382 талапкер катышты, алардын ичинен экинчи этапка өткөндөрдүн саны  213 түздү. 2-этаптын жыйынтыгы боюнча тестирлөө этабында канааттандырарлык жана андан жогору баа алган 68 талапкер кийинки жыйынтыктоочу этапка өттү, ал 2025-жылдын 10 - 11-июлунда өтөт.

Үчүнчү этаптын жыйынтыгы боюнча www.customs.kg расмий сайтында Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине кирген талапкерлердин тизмеси жарыяланат. 

Конкурсту максималдуу ачык өткөрүү үчүн бардык этаптар видеого тартылды, дрондор колдонулуп, МБКнын расмий баракчаларында онлайн-трансляция жүргүзүлүп жатты. Бул процесстин ачыктыгын жана бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды камсыздай алды.