Россия Федерациясына «Гармала» өсүмдүгүн ташып келүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө

28.02.20251

  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына «Гармала» өсүмдүгүн ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салынгандыгы тууралуу маалымдайт.

  Гармала (Peganum harmala) - бул психоактивдүү касиетке ээ гармалин жана хармин сыяктуу алкалоиддерди камтыган өсүмдүк. Кээ бир өлкөлөрдө гармала салттуу медицинада, ошондой эле боёк катары колдонулат. Бирок, бир катар мамлекеттерде анын жүгүртүүсү мүмкүн болуучу психотроптук таасирлерден улам чектелген же тыюу салынган.

  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катына ылайык жана Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде бул өсүмдүк тыюу салынган заттардын тизмесине киргизилген. Буга байланыштуу «Гармала» өсүмдүгүнүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Россия Федерациясына ташып чыгуусуна жол бербөө боюнча зарыл болгон көзөмөл чаралары көрүлүүдө.

  Россия Федерациясына бара жаткан же учкан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Алар мыйзамды бузуу Россия Федерациясынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эстен чыгарбоо керек.