Россия бажы академиясында Кыргыз Республикасынан 8 бүтүрүүчүгө дипломдор тапшырылды

11.07.20250

2025-жылы 10-июлда Москва шаарындагы Россия бажы академиясында жогорку кесиптик билим берүү программаларын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруунун салтанаттуу аземи өттү. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында «Бажы иши», «Экономика» жана «Юриспруденция» багыттары боюнча билим алган Кыргыз Республикасынын 8 жараны бар.

Иш-чарага Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Өкүлчүлүгү катышты. МБКнын өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн кадрларды кесиптик деңгээлде даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргызстандык студенттер билимди Академиянын алдыңкы факультеттеринен алышты. Бул факультеттер жогорку окутуу деңгээли, катуу академиялык стандарттар жана тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы менен айырмаланат.