Нурбек Чегирткеев КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
31.03.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2026-жылдын 31-мартындагы №256 тескемесине ылайык, Чегирткеев Нурбек Талантович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Джунушалиев Руслан Алмасбекович Нурбек Чегирткеевди бажы кызматынын жамаатына тааныштырды.
Чегирткеев Нурбек Талантович 1981-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү - 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «Жол кыймылын уюштуруу» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинде баштап, 2005–2013-жылдары аталган органда кызмат өтөгөн.
2013-жылдан тартып Мамлекеттик бажы кызматынын системасында иштеп, инспекторлуктан тартып жетекчилик кызматтарга чейин ар кандай кызмат орундарын ээлеген.
Дайындалганга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген. Бажы кызматынын полковниги.
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
