Нарын» бажысында техниканы туура эмес декларациялоо фактылары аныкталды

19.08.20260

«Нарын» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кытай Эл Республикасынан импорттолгон жол-курулуш техникасынын чыгарылган жылын туура эмес декларациялоо боюнча үч фактыны аныкташты.

Бажылык көзөмөл жүргүзүү жана ЕАИС программалык камсыздоосуна мониторинг жүргүзүү учурунда товарларды коштоп жүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн техниканын чыгарылган жылы менен VIN-коддорундагы маалыматтардын дал келбестиги аныкталды.

Тактап айтканда, үч техника — LINGONG жана CATERPILLAR маркасындагы чынжырлуу экскаваторлор, ошондой эле жол катогу боюнча товарларды коштоп жүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен VIN-коддорундагы маалыматтардын ортосунда айырмачылыктар аныкталган.

Жыйынтыгында, аныкталган үч факт боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 8 645 484,01 сомду түздү.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар АИС ЖУИ ЕРПге катталып, мыйзамдарда белгиленген тартипте карап чыгуу жана чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.