“Нарын” бажысы декларацияланбаган 56 түрдөгү товарды аныктады
20.08.20260
“Нарын” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныкташты.
2026-жылдын 3-августунан 5-августун кошуп мезгилде Кытай Эл Республикасынан “Б.Х.Г.” ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу транспорт каражаты менен жалпы салмагы 9 440 кг түзгөн металл конструкциялар жана жалпы салмагы 37 100 кг түзгөн болот түтүктөр катары декларацияланган товарлар жеткирилген.
Бажылык контролун жүргүзүү учурунда белгиленген тартипте декларацияланбаган 56 түрдөгү товар аныкталды.
Аныкталган товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 824 250,64 сомду түздү.
Бул факты боюнча материалдар катталып, укуктук баа берүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө өндүрүлдү.