«Нарын» бажысы 1 млн сомдон ашык суммадагы чийки заттын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылгандыгын аныктады

13.10.20260

«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажы контролунда турган товарлардын тийиштүү бажылык тариздөөсүз жана белгиленген төлөмдөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылган фактысын аныкташты.

«Нарын» эркин экономикалык зонасынын аймагында жайгашкан «К.-К.-Ө.» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана буга чейин 560 000 кг чийки затты «Эркин бажы зонасы» бажы жол-жобосуна жайгаштырганы аныкталды.

Бажылык тариздөөнүн маалыматтары менен иш жүзүндөгү калдыктарды салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгында 141 900 кг чийки заттын турган жерин ырастаган документтер жок экени аныкталган. Мындан тышкары, ишкананын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүнө ылайык, дагы 162 005 кг чийки зат тиешелүү бажы жол-жобосуна өткөрүлбөстөн, бажы декларациясы берилбестен жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн сатылган.

Бажы органынын эсептөөлөрүнө ылайык, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 072 150 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча материалдар КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 1 072 150 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке төлөндү.