МБКнын кадрлар резервине кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө буйруктар
28.10.20260
Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтому менен бекитилген Укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 37-пунктунун биринчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине төмөнкү Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилди:
- Кудайбергенов Дастан Максатович — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
- Калдарбеков Нурсеит Русланович — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
- Санатбек уулу Арис — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
- Кожоев Амангельды Турсунбекович.
Мындан тышкары, аталган Жобонун 39-пунктунун тогузунчу абзацына ылайык, МБКнын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервинен төмөнкү жарандар чыгарылды:
- Мирсейит уулу Сымбат.
- Байгазиев Султанбек Кубанычович.