МБКда ТЭИ катышуучулары менен Өзбекстандан импорттоо маселелери боюнча жолугушуу өттү

24.03.20260

2026-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында МБкнын төрагасынын биринчи орун басары У.А. Кимсановдун төрагалыгы алдында Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына товарларды импорттоо менен алектенген тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү.

  Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажы операцияларын тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан айтылган бардык сунуштар эске алынды жана белгиленген тартипте каралып чыгат.

  Жыйынтыгында МБКнын төрагасынын биринчи орун басары бизнес-коомчулук менен натыйжалуу жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жаралган маселелерди ыкчам чечүү үчүн бажы органдарына кайрылуу сунушталды. Ошондой эле мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.