МБКда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууда бажы коштоосу боюнча маселелер талкууланды

16.07.20260

2026-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында МБКнын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов жана «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКнын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууга арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты.
Инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууда колдонулуучу товарларды бажылык тариздөө учурунда келип чыккан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү колдонуудагы бажы операцияларын жүргүзүү тартиби боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, товарларды бажылык тариздөөнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча кеңештерди беришти. Ошондой эле ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында аймактык бажы органдарындагы жооптуу кызматкерлер аныкталды.
Ошондой эле МБК тарабынан «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКнын кызматкерлерин лицензиясы бар транспорттук компанияларды тартуу менен «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары аркылуу борборлоштурулган тартипте ташууну уюштуруу зарылдыгы белгиленди. Бул чара лицензиясы жок ташуучулардын кызматтарын колдонууга жол бербөөгө, тобокелдиктерди минималдаштырууга жана ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүдө персоналдын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар товарлардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыз кылуу жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.