МБК тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын арасында бажы кызматынын иши боюнча сурамжылоо жүргүздү

02.10.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарынын ишин баалоо жана көйгөйлүү маселелерди аныктоо максатында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын арасында жашыруун онлайн-сурамжылоо жүргүздү.

Сурамжылоо QR-коддор аркылуу 2026-жылдын 8-сентябрынан 21-сентябрына чейин сегиз бажыда жүргүзүлдү. Жалпысынан 462 анкета алынып, алардын ичинен 237 катышуучу жазуу жүзүндө пикир калтырган.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча респонденттердин 81% бажы кызматынын ишине жалпы канааттандыраарлык баа беришкен, ал эми 83% кызматкерлердин ишин оң баалашкан. Ошол эле учурда 79% кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга туш болбогонун, ал эми 89% «сыйлык» алууга түрткү болгон учурларга туш болбогонун билдиришкен. Акча каражатын түздөн-түз талап кылуу боюнча 462 респонденттин ичинен 2 адам билдирген.

Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары негизги көйгөйлөрдүн бири катары кезектерди жана иштеп жаткан терезелердин санынын жетишсиздигин белгилешкен. Респонденттердин 33% кезектерди чыр-чатактардын негизги себеби катары көрсөтүшкөн. Жазуу жүзүндөгү пикирлерде 10–12 терезенин ичинен айрым учурларда 2–4 гана терезе иштеп, текшерүүдөн өтүүнү күтүү 3–5 саатка чейин созулары айтылган.

Бажы кызматынын ишине эң төмөн баалар Кантта — 44% жана Ошто — 51% катталган. Ошол эле учурда Баткенде респонденттердин 98%, Нарында — 97%, Жалал-Абадда — 96%, Манаста — 93% бажы кызматынын ишин канааттандыраарлык деп баалашкан.

Оң бааланган учурлардын катарында катышуучулар кызматкерлердин сылык мамилесин, ыкчам иштөөсүн, мыйзамдарды жакшы билүүсүн, Нарындагы кошумча тилкелерди жана «Жалал-Абад» бажысынын жетекчилигинин ишкерлер менен үзгүлтүксүз жолугушууларын белгилешкен.

Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Түндүк-Чыгыш» бажысындагы (Кант) кырдаалга биринчи кезекте көңүл буруу, иштеп жаткан терезелердин санына жана жүктөмүнө талдоо жүргүзүү, ошондой эле кезектүүлүктүн сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталды. Коррупцияга каршы чаралардын алкагында талондорду милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылуу, кезексиз кабыл алуунун эсебин жүргүзүү жана тандалма көзөмөл жүргүзүү үчүн видеокамералардын жазууларын пайдалануу сунушталууда.

МБК бажы органдарынын ишин өркүндөтүү, күтүү убактысын кыскартуу жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу максатында тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынан алынган кайтарым байланышты мындан ары да колдонот.

Сурамжылоо респонденттердин ыктыярдуу өз алдынча тандоо ыкмасы менен жүргүзүлгөнүн белгилеп кетүү маанилүү. Ошондуктан анын жыйынтыктары сурамжылоого катышкан тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын пикирин чагылдырат жана бардык тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына автоматтык түрдө жайылтылышы мүмкүн эмес.