МБК ИРЕН катышуучу мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги ар жылдык региондор аралык жолугушуусуна катышты
03.08.20260
2026-жылдын 28-июлунан 30-июлуна чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бажы комитети менен биргеликте БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) тарабынан уюштурулган Бажы кызматтарынын региондор аралык тармагынын жана порттук контролдоо топторунун (ИРЕН) катышуучу өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги региондор аралык жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага МБКнын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеев жетектеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын делегациясы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тобокелдиктерди башкаруу жана таргеттөө системасын өркүндөтүү, маалымат алмашуу, бажылык башкарууга заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле бир эле учурда мыйзамдуу эл аралык соодага көмөк көрсөтүү менен мыйзамсыз соодага каршы аракеттенүү боюнча чараларды бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдык тастыкталды жана бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана региондук коопсуздукту камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар кабыл алынды.
.jpeg)
.jpeg)

