МБК эскертет: 2026-жылга электромобилдерди алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жатат
29.06.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап бара жатканын маалымдайт.
2026-жылга карата ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору менен классификацияланган, алып кирүү бажы алымын төлөө боюнча жеңилдик колдонулуучу электр кыймылдаткычы бар моторлуу транспорт каражаттарынын 15 000 даана өлчөмүндө квота белгиленгенин эске салабыз».
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий customs.kg сайтында колдонулган жана калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилди. Маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү учурунда автоматтык түрдө жаңыланып турат.
Квота толугу менен аяктагандан кийин электромобилдерди ташып кирүүдө Евразия Экономикалык Бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи боюнча бажы наркынан 15 пайыз өлчөмүндө ташылып келүүчү бажы алымы алынарын эскертебиз.
Электромобилдерди ташып кирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну жана, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайты - customs.kg сайытынан квотанын калдыгын көзөмөлдөп турууну суранабыз.