МБК чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасында коопсуз жүрүү эрежелери тууралуу маалымдайт
10.08.20262
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана өлкөдө жүргөн учурда сак болуусуна көңүл бурат.
Коопсуздук эрежелери боюнча негизги маалыматтык материалдар Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын маалыматтык такталарына да жайгаштырылды.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же шашылыш жардамга муктаждык болгон учурда 112 номерине тез арада чалуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чет өлкөлүк жарандарды коопсуз жүрүү боюнча сунуштар менен таанышып, сактык чараларын сактоого чакырат.

