МБК атайын техниканы ташып кирүүдө бажы наркы төмөндөтүлгөнүн аныктады
23.04.20260
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери өлкө аймагына бульдозер техникасын ташып кирүүдө бажы наркы төмөндөтүлгөн фактыны аныктады.
Кытай Эл Республикасынан «В. С.» ЖЧКнын дарегине «SHANTUI» маркасындагы бульдозер алынып келинип, аталган атайын техника транзиттик декларация боюнча 11 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү бажы наркы менен көрсөтүлгөн.
Жүргүзүлгөн талдоо бажы наркын аныктоо ыкмасы мыйзамсыз колдонулгандыгын жана анын төмөндөтүлгөндүгүн көрсөттү. Кошумча текшерүүнүн жыйынтыгында бажы төлөмдөрү кайра эсептелди. Туумдарды кошкондо кошумча эсептелген төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1 319 497 сомду түздү.
Материалдар катталып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык андан ары кароо үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик бажы кызматы бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантып, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууда.
