МБК «Альфа-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналды аныктады

30.09.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КР ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Россиядан Кыргызстанга «Альфа-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигин токтотууга багытталган атайын операция өткөрүштү.
Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган М.Р.А. аттуу жаран жана анын жубайы М.Е.А. кармалды.
М.Р.А. почта аркылуу алган аба муздаткычты текшерүү учурунда анын конструкциялык көңдөйлөрүнүн ичинен жалпы салмагы 1 кг 126 граммды түзгөн «Альфа-PVP» заты салынган брикет табылган. Жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда психотроптук заттарды таңгактоого жана таратууга арналган электрондук таразалар, ZIP-баштыкчалар жана башка буюмдар алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган партияны мыйзамсыз сатууда анын наркы 4,9 млн сомдон ашышы мүмкүн. Психотроптук заттын 6 800дөн ашык бир жолку дозасынын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүшүнө бөгөт коюлду.
Учурда эл аралык каналдын бардык катышуучуларын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.