«Манас» бажысы учакты убактылуу ташып келүүдө мыйзам бузууну аныктады

11.06.20250

  «Манас» бажысынын контрабанда, баңги зат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «А.С.» ЖЧКсынын дарегине БАЭден ташылып келген «ИЛ-76 ТД» үлгүсүндөгү учакты бажылык тариздөөдө мыйзам бузуу фактыларын аныкталды.

Реэкспортко билдирилген учакты текшерүү учурунда кыймылдаткычынын сериялык номурларында дал келбестиктер аныкталган. Учактын кыймылдаткычтары алмаштырылганы, бирок бажы органдарына тиешелүү билдирүү келбегени аныкталган. ЕАЭБдин Бажы кодексинин 222-беренесине ылайык, убактылуу ташылып келинген товарлар жана транспорт каражаттары өзгөрүүсүз абалда калышы керек. Мамлекетке 4 363 212 сом зыян келтирилген.

Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Кылмыш ишин козгоодон баш тартылды - келтирилген зыяндын орду толук толтурулду.