Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ишембиликке катышты
20.04.20260
2026-жылдын 18-апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ишембиликке катышып, бекитилген аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Борбордук аппараттын өздүк курамы административдик имараттын айланасын тазалашты. «Манас» бажысы жана «Бишкек» ЭЭА бажысы Ата-Түрк атындагы сейил багынын аймагында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
«Түндүк» темир жол бажысы жана «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери Лев Толстой көчөсүнөн (Путепроводная) Ч. Валиханов көчөсүнө чейинки тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.
«Нарын», «Ош», «Жалал-Абад», «Баткен» бажылары, ошондой эле «Окутуу-адистештирилген» бажысы өздөрүнө бекитилген аймактарда жана жайгашкан жерлеринде ишембилик өткөрүштү.
Ишембилик өткөрүү экологиялык маданиятты калыптандырууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана эмгекти урматтоого багытталган

.png)
.png)

