Мамлекеттик бажы кызматында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча семинар өткөрүлдү

22.06.20260

Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысында контрафакттык продукцияны аныктоо жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо темасында окуу семинары болуп өттү.

Окууга Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын, «Түндүк» темир жол бажысынын, ошондой эле «Бишкек ЭЭЗ» жана «Нарын» бажыларынын 20 кызматкери катышты.

React Central Asia компаниясы уюштурган семинардын жүрүшүндө катышуучулар  контрафакттык товарларды аныктоонун практикалык ыкмалары жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун заманбап инструменттери менен таанышып чыгышты. Өз тажрыйбалары менен эл аралык бренддердин жана профилдик компаниялардын өкүлдөрү да бөлүштү.

Мурда ушундай эле семинарлар өлкөнүн түштүк аймагындагы бажы органдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлүп, ага 60 кызматкер катышкан.

Мындай окутуулар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо тутумун чыңдоого өбөлгө түзөт.