Мамлекеттик бажы кызматы тыюу салынган балык уулоочу шаймандарды ташып келүүгө көзөмөлдү күчөтүүдө

16.06.20250

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы уникалдуу Ысык-Көл көлүн коргоо жана анын экосистемасын сактоо максатында тыюу салынган балык уулоо шаймандарын, анын ичинде синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу түзүлүштөрдү ташып келүүгө көзөмөлдү күчөтүүдө. Бажы кызматынын системасында бузууларды аныктоого жардам берүүчү атайын тобокелдик профили түзүлгөн.

Чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 624 токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев тартип бузуучуларга каршы күрөштү күчөтүүнү жана бажы операцияларынын бардык этаптарында катуу көзөмөлдү камсыздоону тапшырды.