Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын сегиз айында 88 млрд. сом бажы төлөмдөрүн чогултту. План 2 млрд. сомго ашыкча аткарылды.

15.09.20250

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын январь-август айларында бажы төлөмдөрүнүн планын ашыкча аткарды.  Белгиленген план 86 млрд. сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд. сом чогултулду, план 102,4%га аткарылды. Бул көрсөткүч пландан  2,0 миллиард сомго көп.

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго (80,3 млрд. сомдон  88,0 млрд. сомго чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү.

Акыркы жылдардын сегиз айындагы кирешелердин динамикасы:

• 2019-жыл — 26,2 млрд сом

• 2020-жыл — 15,8 млрд сом

• 2021-жыл — 27,9 млрд сом

• 2022 - жыл — 44,9 млрд сом

• 2023-жыл — 68,8 млрд сом

• 2024-жыл — 80,3 млрд сом

• 2025-жыл — 88,0 млрд сом

Жетишилген натыйжаларды камсыз кылган негизги фактор санариптик технологияларды артыкчылыктуу киргизүү болду. Аларды колдонуу бажылык башкаруунун сапатын жогорулатууга, ички процесстерди стандартташтырууга жана оптималдаштырууга, өлкө жетекчилиги тарабынан аныкталган милдеттерди так жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.