LEXUS GX470 автоунаасын мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду

02.07.20251

“Түндүк” темир жол бажысынын Контрабанда, баңгизат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына LEXUS GX470 үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды.

Автоунаа Кызыл-Кыя шаарында Б.А.Т. аттуу жаранга катталган. Опериативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул унаа буга чейин Беларус Республикасынын аймагында жасалма документтердин негизинде катталгандыгы такталган. Брест бажысы автоунаа расмий түрдө бажы жол-жобосунан өтпөгөндүгүн жана алардын маалымат базасында жоктугун ырастаган.

Б.А.Т. аттуу жарандын аракеттеринде бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу белгилери каралат, бюджетке келтирилген зыян, туумдар менен кошо эсептегенде 3 640 210 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берди.