Кызыктуу факт: кофе сандарда

01.10.20260

Бүгүн, 1-октябрда, Эл аралык кофе күнү белгиленет. Ушул күнгө карата бул суусундук тууралуу бажы статистикасы эмнени көрсөтөрүнө көз чаптырып көрдүк.

2026-жылдын 9 айында үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга 199,3 тонна кофе импорттолгон. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы жалпысынан 131 тонна, ал эми 2024-жылы 117,8 тонна кофе импорттолгон.

2025-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2026-жылдын 9 айындагы импорттун көлөмү 52,2%га, ал эми 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 70%га көп.

2026-жылы кофенин эң көп көлөмү Өзбекстандан — 94,9 тонна келген. Андан кийинки орундарда Литва — 49,6 тонна, Латвия — 20 тонна, Эстония — 13,2 тонна, Италия — 4,9 тонна, Түркия — 4,7 тонна жана Улуу Британия — 4,2 тонна турат.

Мындан тышкары, кофе импортунун географиясы кыйла кеңири: товарлар Германиядан, Румыниядан, Сингапурдан, Франциядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Угандадан да келген.

2026-жылдын 9 айындагы импорттун көлөмүн 2024-жылдагы көрсөткүч менен салыштырганда, айырма 81,5 тоннаны түзөт.

Демек, бүгүнкү кофе — бул жөн гана тыныгуу жасап, бир чыны кофе ичүүгө себеп эмес, ошондой эле тышкы соода статистикасындагы дагы бир кызыктуу көрсөткүч.