Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды
07.04.20262
Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери «Ж.» ЖЧК тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.
Бишкек ЭЭЗдин «Ак-Чий» участогуна Кытай Эл Республикасынан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтар көрсөтүлгөнү аныкталды.
Бажылык текшерүү жүргүзүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын салмагында олуттуу айырма аныкталды. Алдын ала баалоолорго ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 1 миллион сомдон ашты.
Бул факт боюнча материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толукталды.