Кыргызстан менен Россиянын бажы кызматтарынын жетекчилери Бишкек шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү
27.03.20260
2026-жылдын 26-мартында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын Биргелешкен коллегиясынын 53-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бажы кызматтарынын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Валерий Пикалев бажылык администрациялоону андан ары өркүндөтүүгө жана маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын бажы кызматтарынын 2026-жылга карата эки тараптуу кызматташуу боюнча Иш-чаралар планын карап чыгып, кол коюшту, мында ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу каралган.