Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук тандоого катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурс жарыялайт.

14.10.20261

Кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук тандоого катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар.

Талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

Жашы - 35 жаштан ашпаган;

Билими - жогорку билимдүү;

Жарандыгы - Кыргыз Республикасынын жараны.

 

Эскертүү: Белгиленген кызматка кабыл алуу курагынан ашып кеткен, бирок мурда укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарды бажы органдарына кайрадан кызматка кабыл алууга жол берилет. Бул үчүн кызмат өтөгөн жылдарынын жалпы жыйындысы укук коргоо органдарынан белгиленген чектүү жаш куракка жеткендигине байланыштуу бошотулганда, Кыргыз Республикасынын кызматкерлерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсия дайындоого укук берүүгө тийиш.

 

Маанилүү: Талапкерлер ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча бажы органдарында кызмат өтөөгө жарактуу деп табылышы, дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырышы, мамлекеттик тилди билиши, кызматкерлерге коюлган квалификациялык талаптарга жооп бериши, ошондой эле аскердик кызматты өтөшү же запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик даярдыктан өтүшү, же үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу негиздер боюнча альтернативдик кызмат өтөшү керек.

Аскердик кызматты милдеттүү түрдө өтөө, запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик даярдыктан өтүү жана альтернативдик кызмат өтөө талаптары аялдарга жайылтылбайт.

 

Керектүү документтер

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

- жеке арыз;

- кадрларды эсепке алуу баракчасы / анкета;

- өмүр баяндык реферат;

- тиешелүү жогорку билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган дипломдун түп нускасы жана көчүрмөсү, ошондой эле дипломго тиркелген, окуу мезгилиндеги алган баалары көрсөтүлгөн кошумча барактары;

- эмгек китепчесинин түп нускасы жана көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);

- аскердик билеттин түп нускасы жана көчүрмөсү (эркек жарандар үчүн);

- паспорттун (ID-картанын) түп нускасы жана көчүрмөсү;

- талапкердин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана көчүрмөсү;

- жакын туугандарынын (атасынын, апасынын, бир тууган агаларынын, инилеринин, эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, жолдошунун же жубайынын, ошондой эле өгөй бир туугандарынын) паспортторунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

- жакын туугандары каза болгон учурда алардын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- балдары бар болсо, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү жана никеде турган болсо, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- нике бузулган учурда никени бузуу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- талапкер мурда аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жакын туугандары (атасы, апасы, бир тууган агалары, инилери, эже-карындаштары, эже-сиңдилери, жолдошу же жубайы, ошондой эле өгөй бир туугандары) мурда аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

- акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн кызматтык мүнөздөмө (эмгек стажы жок болсо, жашаган жери боюнча мүнөздөмө);

- мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген сертификат («Кыргызтест»): 2026-жылдын 31-декабрына чейин - В1 деңгээли, 2027-жылдын 1-январынан тартып - В2 деңгээли;

- кеминде үч сунуштама кат;

- кызыл фондо, классикалык кийимде түшкөн сүрөттөр: 3×4 өлчөмүндөгү 4 даана жана 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана.

 

Эскертүү:

Жаңы үлгүдөгү паспорттун ээси болгон талапкерлер катталган жери боюнча жашаган дарегин көрсөтүү менен «Түндүк» тиркемесинен же Калкты тейлөө борборунан (КТБ) маалымкат тапшырышат.

Жаңы үлгүдөгү паспорттун ээси болгон талапкердин жакын туугандары да катталган жери боюнча жашаган дарегин көрсөтүү менен «Түндүк» тиркемесинен же Калкты тейлөө борборунан (КТБ) маалымкат тапшырышат.

 

Маанилүү: Катталган даректи иш жүзүндө жашаган дарек менен чаташтырбоо керек.

 

Медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн керектүү маалымкаттар.

Талапкерлер медициналык текшерүүдөн өтүүдө Аскердик-дарыгердик комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышат:

- амбулатордук картадан көчүрмө (жашаган жери боюнча терапевттен алынган маалымкат);

- наркологиялык диспансерден маалымкат (жашаган жери боюнча же Республикалык наркологиялык борбордон);

- психоневрологиялык диспансерден маалымкат (жашаган жери боюнча же Республикалык психоневрологиялык диспансерден);

- тери-венерологиялык диспансерден маалымкат (жашаган жери боюнча же Республикалык тери-венерологиялык диспансерден);

- 3×4 өлчөмүндөгү 1 даана сүрөт.

 

Документтерди кабыл алуу дареги

Дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 108

(мурдагы Байтик Баатыр көчөсү, 4а).

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 20-октябрынан 1-декабрына чейин.

Документтерди кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:30дан 18:00гө чейин.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 510886.

Урматтуу талапкерлер!

Көптөгөн маалымкаттарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу алып, басып чыгарууга болот.