Кулактандыруу! Бажы өкүлдөрү жана бажы операциялары боюнча адистер үчүн маалымат!

26.02.20261

Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт, МБКнын 30.09.2020-ж. № 35-21/315 буйругу менен бекитилген “Бажы операциялары боюнча адистин күбөлүгүн алуу үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн регламенти” жобосуна ылайык, 2026-жылдын апрель айында квалификациялык күбөлүктөрүнүн мөөнөтү аяктаган адистер үчүн, ошондой эле бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкерлер үчүн билимин кайра аттестациялоо үчүн экзамен өткөрүү пландаштырылууда.

Экзаменден өтүү үчүн 23.03.2026-жылга чейинки мөөнөттө квалификациялык экзамен тапшырууга арыз жана тиешелүү документтердин пакетин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Адистештирилген окутуу бажысы, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Коммунарская көчөсү, 91/5.

Аттестациялоодон өтпөгөн бажы операциялары боюнча иштеп жаткан адистердин логин жана купуя белги (пароль)  өчүрүлөт.

Эскертүү:

  1. Квалификациялык экзаменди тапшырууга келген адистердин өздөрү менен бирге инсандыгын ырастоочу документи болууга тийиш
  2. Кийим формасы: классикалык
  3. Өздөрү менен калькулятор жана калем сап болууга тийиш
  4. Суроолор боюнча Адистештирилген окутуу бажысына кайрылыңыздар, моб. телефон: 0551405099.

    Тиркеме

    Квалификациялык экзаменден өтүү үчүн бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер адам Адистештирилген окутуу бажысына төмөнкү документтерди берет:

    - квалификациялык экзаменге киргизүү жөнүндө арыз;

    - ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (кийин Квалификациялык экзамен өткөрүүдө салыштыруу үчүн түп нускасын берүү менен);

    - орто кесиптик же жогорку кесиптик билимин тастыктаган документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

    - ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык ден соолукту аныктоодон) өткөндүгүн ырастоочу документ;

    - соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат;

    - эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

    - 3,5х4,5 сантиметр өлчөмүндөгү эки түстүү сүрөт. 

ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдары боюнча бажы операциялары боюнча адистерди тестирлөө үчүн суроолордун тизмеси