Июнь айында кар: «Торугарт» өткөрмө пунктунан алынган кадрлар

05.06.20260

«Торугартта» июнь айы кыштын күнүндөй башталды: өткөрмө пунктунун аймагына кар жаады. Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, «Торугарт» өткөрмө пунктунда кар жаады. Кардын калыңдыгы айрым жерлерде 15–20 сантиметрге чейин жетип, жолдун кээ бир жерлерде муз каптап, жол кыймылы кыйындады.


Аба ырайынын бузулушуна карабастан, бажы кызматынын кызматкерлери өз кызматтарын улантып, өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууда.


Мамлекеттик бажы кызматы айдоочуларды бийик тоолуу аймактарда жол жүрүүнү пландаштырууда аба ырайынын шарттарын эске алууга жана ылдамдык режимин сактоого чакырат.

Видеону көрүү үчүн басыңыз