Германиядан почта жөнөтмөсү аркылуу баңги каражатын мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

24.11.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте Германиядан эл аралык почта жөнөтмөсү аркылуу баңги каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюшту.

Биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө почта жөнөтмөсүн алып жаткан учурда К.С. аттуу жаран кармалган. Ал алгач жөнөтмөнүн ичинде жер семирткичтер бар экенин билдирген. Бирок кийинчерээк флакондун ичиндеги зат «Т» аттуу опиоиддик анальгетик экенин мойнуна алган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык, аталган дары каражаты баңги каражаттарынын катарына кирет жана мамлекеттик көзөмөлгө алынат.

Мамлекеттик бажы кызматы эскертет: курамында көзөмөлгө алынган заттар бар дары каражаттарын өлкөнүн аймагына алып кирүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен гана жол берилет.

Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт.