Бишкек шаарында «Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк» аттуу эл аралык форум өттү

12.10.20260

2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Дүйнөлүк бажы уюмунун (ДБУ) Башкы катчысы Иэн Сондерстин катышуусунда «Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк» аттуу эл аралык форум өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, тышкы экономикалык ишмердиктин (ТЭИ) катышуучулары, ошондой эле логистика жана санариптик технологиялар чөйрөлөрүндө иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун биринчи бөлүгүндө катышуучулар бажы ишинин жана эл аралык сооданын өнүгүүсүндөгү глобалдык тенденцияларды, тармактагы заманбап чакырыктарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы системасын трансформациялоонун негизги багыттарын талкуулашты.

ДБУнун Башкы катчысы Иэн Сондерс бажы ишинин жана эл аралык сооданын келечеги тууралуу көз карашын сунуштап, учурдагы тенденцияларды жана жаңы чакырыктарды белгиледи. Анын форумга катышуусу Кыргыз Республикасынын ДБУ менен кызматташтыгын чыңдоодогу жана эл аралык стандарттарды, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен улуттук бажы системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.

Бажы жол-жоболорун санариптештирүүгө, бажы администрациялоосун өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын натыйжаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Акыркы алты жыл ичинде бажы төлөмдөрүнүн жыйналышын жогорулатууга, тышкы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган бажы администрациялоосун комплекстүү модернизациялоо иштери жүргүзүлүп келет. Реформалардын негизги багыттары Бажы кызматын 2022–2025-жылдарга өнүктүрүү концепциясы менен аныкталган, ал эми бул иштерди мындан ары улантуу 2026–2030-жылдарга карата концепцияда каралган. 

Реформалардын негизги натыйжаларынын бири мамлекеттик бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнүн өсүшү болду. Эгерде 2020-жылы алардын көлөмү болжол менен 21,3 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 158 млрд сомго жетип, болжол менен 7,4 эсеге көбөйгөн.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн өсүү динамикасына тышкы сооданын жана жүк ташуулардын көлөмүнүн көбөйүшү да таасирин тийгизди. Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын саны 2020-жылдагы 70 миңден 2025-жылы 388 миңге чейин көбөйгөн, ал эми ташылган жүктөрдүн салмагы 0,8 млн тоннадан 3,5 млн тоннага чейин жеткен.

Тышкы соода агымдарынын өсүшүнүн шартында жол-жоболорду мындан ары жөнөкөйлөтүү жана бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берүүчү санариптик чечимдерди киргизүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Форумдун практикалык бөлүгү дал ушул маселелерге арналды.

Катышуучулар бажы жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, «Бирдиктүү терезе» механизмин киргизүү, уруксат берүү жол-жоболорун санариптештирүү, ошондой эле электрондук сервистерди жана төлөм чечимдерин өнүктүрүү маселелерин карап чыгышты.

Бизнес өкүлдөрү бажы-логистикалык инфраструктура, электрондук соода жана санариптик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөлөрүндөгү долбоорлорун жана демилгелерин сунушташты.

Форум мамлекет менен бизнестин ортосунда ачык диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана бажы системасын мындан ары модернизациялоо боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп калды. Талкуунун жүрүшүндө мыйзамдуу сооданы жөнөкөйлөтүүгө, бажы администрациялоосунун натыйжалуулугун жогорулатууга, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын чыгымдарын кыскартууга жана товар жүгүртүүнүн өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттары белгиленди.