“Бажы тармагында жасалма интеллект: Кыргызстанда II Эл аралык IT конференциясы өтүүдө

02.09.20251

  Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Бает айылында «Бажы тармагында жасалма интеллект»/ “Artificial Intelligence in the Customs Domain” темасындагы II-Эл аралык IT конференциясы башталды.

  Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана GIZдин Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте өткөрүлүүдө.

  Конференциянын негизги максаты – жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча тажрыйба жана мыкты практикаларды алмашуу. Анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу жана өткөрмө пункттардагы компьютердик көрүү тутумдарынан тартып табигый тилди (NLP) жана генеративдик моделдерди (LLM) иштеп чыгуу технологиясын колдонууну камтыйт. Ошондой эле катышуучулар кадрларды даярдоо, эл аралык кызматташуу, ошондой эле жасалма интелекти ишке ашыруунун ченемдик жана этикалык аспектилерин талкуулашат.  

  Программада пленардык жыйындарды жана секциялык талкууларды камтыйт. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы ишке ашырып жаткан “Смарт бажы” Улуттук санариптик платформасына өзгөчө көңүл бурулууда.

  Конференцияга Азербайжан, Беларусь, Венгрия, Вьетнам, Казакстан, Корея Республикасы, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бажы органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

  Конференция санариптик бажылык башкаруунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу, практикалык тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн аянтча болот деп күтүлүүдө.