Бажы көзөмөлүнөн жашыруу менен тыюу салынган товарлады ташып келүү фактысы аныкталды

23.07.20257

Бажы көзөмөлүнөн жашыруу менен тыюу салынган товарлады ташып келүү фактысы аныкталды
 

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.

 

Тактап айтканда, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын «Кант» бажылык тариздөө жайына «А.Т.» ЖЧКсынын дарегине транзиттик декларация боюнча жалпы салмагы 22 300 кг жана баасы 44 127 АКШ долларын түзгөн жүк менен транспорттук каражат келген.
 

Бирок, бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө, документтерде көрсөтүлбөгөн салмагы 70 кг, 5 топтом балык уулоочу тор товары табылган.
 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгына, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №624 токтомуна ылайык, синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган. Аталган жабдыктар Ысык-Көлдүн жана башка суу объектилеринин экологиялык абалына олуттуу зыян алып келет.
 

Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде, Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык, бул товарга карата кармоо протоколу түзүлгөн.
 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ОсОО «А.Т.» жоопкерчиликке тартылды. Балык уулоочу торлор жок кылуу баскычында.