Баңги коркунучтарына каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташуу: КР Мамлекеттик бажы кызматында жолугушуу

19.05.20250

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Гонконгдон жана Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунан келген делегация менен жумушчу жолугушуусу өткөрдү.

  2025-жылдын 15-майында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары А.З. Намазов, Контрабандага жана баңги зат бизнесине каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчилиги, Гонконгдогу Ведомстволор аралык терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун өкүлдөрү эл аралык кызматташуунун жана ыкчам өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана синтетикалык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешкен аракеттер талкууланды. Катышуучулар тыюу салынган заттарды транс чек аралык өткөрүү жөнүндө  ыкчам маалымат алмашуунун жана баңги коркунучтарына натыйжалуу каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.