«Автомобильный» БТЖда жеңил автоунаалардын 88 пайызы бажылык тариздөөдөн 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүүдө

04.11.20260

Мамлекеттик бажы кызматы бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу жана бажылык тариздөөгө кеткен убакытты кыскартуу боюнча иштерди улантууда.

«Автомобильный» бажылык тариздөө жайында мониторингдин жыйынтыгы боюнча оң динамика байкалды: эгерде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жеңил автоунаалардын болжол менен 10 пайызы 10 мүнөткө жетпеген убакытта бажылык тариздөөдөн өткөн болсо, октябрь айында бул көрсөткүч 88 пайызга жеткени аныкталды. Мында бажылык тариздөөнүн орточо убактысы 3 мүнөттү түзөт.

Мындай натыйжаларга тариздөө жол-жоболорунун айрым этаптарын кайра карап чыгуу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү аркылуу жетишилди. Бул зарыл болгон бажы көзөмөлүнүн чараларын сактоо менен бажы жол-жоболорун тездетүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын сентябрь айынан тартып «Автомобильный» бажылык тариздөө жайы «Силк Роуд Моторс» жаңы убактылуу сактоо кампасынын аймагында иш алып барууда.

Мамлекеттик бажы кызматы бажы администрациялоосун өркүндөтүү иштерин улантып, бажы жол-жоболорун тездетүүгө, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана контролдон тейлөөгө өтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.