Адистештирилген окутуу бажысында ЭЖТ (TIR) системасын колдонуу боюнча семинар өттү
29.04.20260
Адистештирилген окутуу бажысынын базасында “ЭЖТ (TIR) китепчесин колдонуу менен эл аралык жүктөрдү ташуу жөнүндө Бажы конвенциясынын негиздери. ЭЖТны толтуруу эрежелери. Навигациялык пломбалар» деген темада окуу семинары өткөрүлдү.
Лекторлор катары КРдин Эл аралык жүктөрдү ташуучулар ассоциациясынын жана «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын өкүлдөрү окутууларды жүргүзүштү.
Семинардын жүрүшүндө ЭЖТ системасын колдонуу менен эл аралык ташуулардын тартиби, ташуучуларга жана транспорт каражаттарына коюлган талаптар, ЭЖТ китепчесинин түзүмү, документтерди тариздөөдө көп кетирилүүчү каталар, ошондой эле ташуу процессинин катышуучуларын контролдоо, мониторинг жана жоопкерчилик маселелери каралды.
Семинарга бажы кызматынын 23 кызматкери жана «МБИ» ААКтын 4 кызматкери катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар теориялык билимдерин бекемдеп, ЭЖТ китепчеси жана навигациялык пломбалар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

.jpeg)
.jpeg)
