2026-жылдын I жарым жылдыгында МБКнын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 10 миңден ашык факт аныкталды

25.07.20260

2026-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Баяндамалардын жүрүшүндө отчеттук мезгилдин ичинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 10 448 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталганы маалымдалды. Анын ичинде 10 162 укук бузуу жөнүндө иш козголуп, алардын негизинде 78,5 млн сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлгөн, ошондой эле кошумча текшерүүлөрдүн жана профилактикалык иш-чаралардын алкагында 466,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү камсыздалган.

Бажы тармагындагы кылмыш фактылары боюнча 286 материал өткөрүлүп берилип, алардын негизинде келтирилген зыяндын орду 503,5 млн сомго толтурулду.

Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөрдүн көлөмү 1 млрд 48 млн сомдон ашып, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 549,1 млн сомго көбөйдү.

Кеңешмеде баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алты айдын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте 45 баңгизатка байланыштуу кылмыш фактысын аныкташып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн марихуана, гашиш, апийим, ошондой эле психотроптук заттарды, прекурсорлорду жана кооптуу калдыктарды алып чыгышты.

Ошол эле учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеев аткаруучулук тартипти күчөтүүнү, товарларды мыйзамсыз алып өтүү жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.

Мындан тышкары, ал өздүк курам арасында коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү, кызматтык тартиптин жана мыйзамдуулуктун так сакталышын камсыз кылууну, ошондой эле карамагындагы бөлүмдөрдө коррупцияга каршы иштин абалы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин күчөтүүнү милдеттендирди.