2025-жылдын 1-сентябрынан тартып «Кызыл-Кыя автожол» өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке киргизилет

02.09.20253

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып «Кызыл-Кыя автожол» өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы иштей баштаганын билдирет.

Электрондук кезек тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына мамлекеттик чек арадан өтүү күнү менен убактысын алдын ала брондоо мүмкүнчүлүгүн берет, бул күтүү убактысын кыскартып, процессти ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат.

Кызматтын баасы 300 сомду түзөт. Брондоо жана кошумча маалымат алуу үчүн: kezek.gpti.kg сайтына кайрылууга болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн Call-борбор 1205 кыска номуру иштейт.