Бажылык текшерүү жүргүзүүдө бажы органдарынын кызматтык жактарынын укуктары
18.03.20250
Бажылык текшерүү жүргүзүүдө бажы органынын кызматтык жактары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) текшерилүүчү жактан электрондук булактардагыны кошо эсептегенде коммерциялык, транспорттук (ташуу) документтерди, бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук документтерди, ошондой эле текшерилүүчү товарларга тиешелүү башка маалыматтарды, анын ичинде текшерилүүчү жактын бул товарларга карата андан аркы бүтүмдөрүнө тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана андан алууга;
2) текшерилүүчү жактан ЕАЭБ Бажы кодексинин 18-беренесине ылайык отчетторду берүүнү талап кылууга;
3) бажылык текшерүү жүргүзүлүп жаткан товарлар менен бүтүмдөр боюнча (операцияларды) текшерилүүчү жак менен байланышкан жактардан текшерилүүчү жак же мындай товарлар менен бүтүмдөргө (операциялар) тиешеси бар үчүнчү жактар менен жүргүзүлүүчү операциялар жана эсептешүүлөр боюнча документтердин жана башка маалыматтардын көчүрмөлөрүн берүүнү талап кылууга;
4) банктардан, банктык эмес кредиттик (кредиттик-финансылык) уюмдардан жана банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдардан, мүчө мамлекеттерден мүчө мамлекеттердин уюмдарынын жана жеке ишкерлердин банктык эсептеринин бар экендиги жана номерлери жөнүндө документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептери боюнча акча каражаттарынын кыймылына тиешелүү, анын ичинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык банктык сырды камтыган документтерди жана маалыматтарды талап кылууга жана алардан алууга;
5) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл, анын ичинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык коммерциялык, банктык, салыктык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды түзгөн документтерди жана маалыматтарды суроого жана алардан алууга;
6) мүчө мамлекеттердин жана Бирликке мүчө эмес мамлекеттердин уюмдарына, мамлекеттик жана башка органдарына (уюмдарына) бажы текшерүүсүн жүргүзүүгө байланыштуу суроо-талаптарды жөнөтүүгө;
7) бажы экспертизасын дайындоого;
8) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
2. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдары ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу:
1) текшерилүүчү жактан көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлүп жаткан товарларды көрсөтүүнү талап кылууга;
2) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте инвентаризациялоо жүргүзүүгө же товарларды инвентаризациялоолоо жүргүзүүнү талап кылууга;
3) бажы органынын кызмат адамдары көчмө бажылык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимди (жазма буйрукту) жана кызматтык күбөлүктөрдү көрсөткөндө текшерилүүчү жактын объекттерине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга;
4) товарлардын сынамыктарын жана (же) үлгүлөрүн алууга;
5) алып коюу актысын түзүү менен текшерилүүчү адамдан документтерди же алардын көчүрмөлөрүн алып коюуга;
6) көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлүп жаткан товарларды ээликтен ажыратууга же бул товарларды башка ыкма менен тескөөгө багытталган аракеттерге бөгөт коюу үчүн мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүнө товарларга камак салууга же алып коюуга;
7) көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлүп жаткан документтер менен товарлар турган жайларды, кампаларды, архивдерди жана башка жерлерди (сактоолорун) пломбалоого;
8) текшерилүүчү адамдын өкүлдөрүнөн инсандыгын ырастоочу документтерди жана (же) алардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылууга;
9) өз компетенциясынын чегинде текшерилүүчү адамдын маалымат системаларынын маалыматтар базаларына жана маалымат банктарына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга;
10) текшерилүүгө тийиш болгон маселелердин алкагында текшерилүүчү адамдан электрондук түрдөгүнү кошо эсептегенде анын ишине жана мүлкүнө тиешелүү зарыл документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), башка маалыматтарды талап кылууга жана алууга. Эгерде мындай документтер (алардын көчүрмөлөрү) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлүүчү жерде болбоого тийиш болсо, бажы органынын кызмат адамы аларды берүү үчүн жетиштүү, бирок 3 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт;
11) техникалык каражаттарды (анын ичинде аудио жана видео жазуу, фотосүрөткө тартуу үчүн жабдууларды), ошондой эле текшерилүүчү адам тарабынан электрондук түрдө берилген маалыматты иштеп чыгуу үчүн арналган программалык продуктыларды пайдаланууга;
12) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.