Бажыдан кийинки контролдоо жана бажылык текшерүүлөрдүн маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары

18.08.20250

  • Бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелери Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - ЕАЭБ Бажы кодекси) 331 - 337-беренелери менен аныкталат.
  • Бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ЕАЭБ Бажы кодекси менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын ченемдери колдонулат.
  • Бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген.
  • Иргеп текшерүүлөрдүн пландарына киргизүү үчүн субъекттерди тандоо 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 35-11/238 Аларга карата пландуу көчмө бажылык текшерүү пландалган жактарды тандоо тартибин бекитүү тууралуу буйругу менен бекитилген тобокелдиктердин даражасын баалоо тутумун түзүү методикасына ылайык жүзөгө ашырылат.